Кирүү
Айыл чарба бөлүмү
Кууш катар эгүү - өсүмдүктүн катар аралыгын 10 сантиметрден ашырбай эгүү. Дан эгиндерин (арпа, буудай, кара буудай жана башка ), ошондой эле жашылча менен көп жылдык чөптөрдү эгүүдө кеңири колдонулат.
Куут - төл алуу үчүн тубар мал менен эркек малды жупташтыруу (качыруу). Тубар мал күүлөгөн мезгилде куудурулат. Малды алгачкы куудуруу организм жетилгенде өткөрүлөт. Мисалы, айгыр менен байтал 3 жашынан, бука менен кунажын 15-18, кочкор менен токту 12-18,
Куурай - шакардуулар тукумунун баялыштар уруусундагы чөл жана жарым чөл өсүмдүктөрүнүн жалпы аты. Алар: орус баялышы, дөң баялышы, тунук баялыш жана эртечил баялыш жана башка. Куурай көбүнчө кумдак, кургак жерде өсөт.
Куу курай - татаал гүлдүүлөр тукумунун шыбактар уруусундагы сабак тамырлуу өсүмдүк. Топгүлү шыпыргыдай, жалбырагы түксүз, өңү жашыл. Бийиктиги 150- 170 сантиметр. Тамыр моюнчасынан бир нече сабак өсөт, бутаксыз (айрымдарынын уч жагы бутактуу). Короо-жайды
Куузику - тоют брюква сорту. Эстония дыйканчылык жана мелиорация илимий изилдөө институтунун "Куузику" эксперимент базасында чыгарылган. Мында теги белгисиз (брюква менен тоют капустасынын аргынынан деп болжолдошот) материалдан тандап алуу методу колдонул