Кирүү

Куут

Куут - төл алуу үчүн тубар мал менен эркек малды жупташтыруу (качыруу). Тубар мал күүлөгөн мезгилде куудурулат. Малды алгачкы куудуруу организм жетилгенде өткөрүлөт. Мисалы, айгыр менен байтал 3 жашынан, бука менен кунажын 15-18, кочкор менен токту 12-18, каман менен мегежин 10-12 айлыгынан үйурлөштүрүлөт. Кууттун эркин, короодо, үйүрдө, класстата, жасалма түрү бар. Булар малдын түрунө, кунардуулугуна, санына, үйүрүнө, табигый шартка жараша өткөрүлөт.

Эркин куут көбүнчө эт багытындагы уй чарбасында, үйүрдө куудуруу көбүнчө жылкы чарбасында, класстата куудуруу кой чарбачылыгында колдонулат. Кой класска бөлүнүп, аларга тандама кочкор кошулат. Колдо куудуруу көбүрөөк колдонулуп, төл алуу мөөнөтүн так аныктоого мүмкүндүк берет. Куут малчынын көзөмөлү менен өткөрүлөт. Бир айгырга 40-50 бээ, 1 букага 80-100 инек, 1 кочкорго 50-60 соолук, 1 каманга 15-20 мегежин куудурулат.

Куут планы

Куут планы - ар бир колхоз менен совхоздо алардын чарбалык өзгөчөлүгүнө жараша жыл сайын түзүлөт. Сүт багытындагы чарбаларда уйду уруктандыруу жыл бою атайын түзүлгөн куут планы боюнча жүргүзүлөт. Эт багытындагы чарбаларда куут мезгили июль-сентябрь айларына (биздин республикада) туура келет. Жылкы чарбасында куут мезгили тоют жана климатка байланыштуу жазында күн жылый баштагандан тартып, жайдын аягына чейин созулат. Кой чарбасында да тоют шартына жараша ноябрь айларында өткөрүлөт. Чочко чарбасында куут мезгили план боюнча октябрь айынын аягында башталат. Малды колдон уруктандыруу ишин план боюнча атайын даярдыктан өткөн адистер, кызматкерлер жүргүзөт.

Ой-пикирлер