Кирүү

Айыл чарба коммунасы

Айыл чарба коммунасы - Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы айыл чарба өндүрүш кооперациясынын түрү; бардык өндүрүш каражаттары (курулуш, майда айыл чарба шаймандары, мал), жер коомдоштурулуп, азык-түлүктү керектөө жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө бүтүндөй коомдук чарбага негизделген; азык-түлүк ар кимдин эмгегине жараша эмес, киши башына тең бөлүштүрүлгөн. Айыл чарба коммунасы мүчөлөрүнүн менчик чарбасы болгон эмес.

Коммуна негизинен мурда помещиктер ээлеген жерлерге уюштурулуп, мамлекеттик жер, үй, чарбалык курулуш, шайман жана башкаларды жардам катары акысыз берген. 1918-ж. Кыргызстанда "Жаңы турмуш", "Жаңы заман", "Арал", К. Маркс атындагы айыл чарба комунналары болгон. Пишпек уездинде 1920-ж. 8 коммуна уюшулган. 20-жылдардын аягы - 30-жылдардын башында коммуналар колхозго айландырылган.

Ой-пикирлер