Кирүү

Көп аяктар

Көпаяктар - кургакта жашоочу муунак буттуулардын 4 классынын жалпы аты: эрин буттуулар, төрт буттуулар, симфилалар жана пауроподалар. 53 миңден ашык түрү кеңири кездешет. Мурунку ССРБ нин аймагында 1000 ге жакын түрү бар. Денеси баш жана муунакталган тулку бөлүгүнөн турат; ар бир муунагында 1 же 2 жуп буту бар (аты ушундан). Башында жуп муруту, ооз органдары (2-3 жуп) жана көздөрү болот. Дене узундугу 1 - 3 миллиметрден 28 сантиметрге чейин.

Токой төшөлгөсү, чириген дарак сөңгөгү жана топуракта (өсүмдүк тамырында, таш алдында) жашап, түнкүсүн тиричилик кылат. Өсүмдүк жана башка менен азыктанат; айрымдары жырткыч, тирүү курттарды жейт. Түштө жашаган айрым эрин буттуулар кишини чагат. Кээ бир түрлөрү, мисалы, киссяк айыл чарба өсүмдүктөрүнө - жүгөрүнүн үрөнүнө, өнүмүнө, картошка, сабиз, кызылчанын түймөк тамырына жана башка зыян келтирет. Каршы күрөшүүдө хлорорганикалык пестициддер топуракка, үрөнгө чачылат.

Ой-пикирлер