Кирүү

Айыл чарбаны жүргүзүү системасы

Айыл чарбаны жүргүзүү системасы - аянт бирдигинен көп продукция алууну (продукция бирдигине эмгек жана акча каражаттарын аз жумшап) камсыз кылуучу уюштуруу-экономикалык, технологиялык, техника ыкма жана каражаттардын жыйындысы. Коомдун айыл чарба продукцияларына болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында ишке ашырылат. Айыл чарбаны жүргүзүү системасы чарбанын өндүргүч күчтөрүн абдан натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү табигый-экономикалык шартта чарбаны максатка ылайык адистештирүү жана оптималдуу ургаалдаштырууну камсыз кылууга тийиш.

Айыл чарба өндүрүшүнүн негизги өндүрүш каражаты катары пайдалануу процессинде жер жараксыз болуп калбайт, ал эми айыл чарба өндүрүшүн туура жүргүзгөн шартта ал өзүнүн күрдүүлүгүн калыбына келтирет жана жогорулатып турат деген жобо айыл чарбаны жүргүзүү системасынын теориялык негизи болуп эсептелет. Айыл чарбасын жүргүзүүнүн азыркы системасы өндүрүштүн жогорку даражада коомдоштурулушу, ишканалардын ири өлчөмдө болушу, чарба аралык кооперация жана агрардык өнөр жай интеграциясынын абдан өнүгүшү, эмгектин туура бөлүнүшү, айыл чарбанын ырааттуу түрдө ургаалдаштыруу, селекция иштерин өркүндөтүү, айыл чарбанын фонду менен камсыз болушу, эмгектин энергия менен камсыз болушу, индустриялык технологияны колдонуу, тармактык башкаруу структурасы менен мүнөздөлөт. Ал чарба жүргүзүүнүн ургаалдуу системасына улам өтүү жолу менен өркүндөөдө.

Өлкөнүн бүт потенциалынын тийгизген таасиринен материалдык-техника база чыңдалат жана ургаалдаштыруу, жакшырат, чарба аралык кооперация жана агрардык өнөр жай интеграциясынын базасында өндүрүштү топтоштуруу өнүгөт, чарба аралык жана чарба ичиндеги экономикалык байланыш күчөйт. Айыл чарбасынын жер ресурстарын, техниканы, технологияны, уюштурууну, экономиканы, эмгек жана турмуш-тиричиликтин социалдык шартын, башкарууну камтыган бирдиктүү система катары өнүгөт. Демек, айыл чарбаны жүргүзүү системасынын составдык бөлүктөрү өз ара байланышта жана пропорциялаш болгон ажырагыс бир бүтүн болуп эсептелет.

Айрым компоненттер бардык эле айыл чарбаны жүргүзүү системасына, ошондой эле дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, тоют даярдоо жана мал чарба тармактык системаларга мүнөздүү. Ошол эле мезгилде бул структура ири экономикалык, облусттук, республикалык чарба системасына да мүнөздүү. Ар бир система ошол мезгилдеги объективдүү шартта өз алдына коюлган милдеттерди ийгиликтүү чечүүнү камсыз кылгандай болуп түзүлөт.

Ошону менен бирге ал башка системадан көп натыйжа берсе анда оптималдуу болуп эсептелет. Айыл чарбаны жүргүзүү системасы өндүрүштү өнөр жайлык негизге которуу жана көп тармактуу чарба, бирикмелерден адистешилген чарба, бирикмелерге (өндүрүштүн натыйжалуулугун жана бир калыпта иштешин камсыз кылуучу) өтүүдө системаны өнүктүрүү жана уюштуруу моделин ишкана, бирикме, тармак, райондун жана башка деңгээлинде иштеп чыгууну камтыйт. Айыл чарбаны жүргүзүү системасы илимий мекемелердин эксперименттик жана башка маалыматтарынын, өндүрүш коллективдеринин тажрыйбасынын негизинде беш жылдык пландан мурда иштелип чыгат.

Ой-пикирлер