Кирүү

Аэробиоз

Аэробиоз (гр. aer - асман, bios - тиричилик) - эркин абалдагы кычкылтеги бар чөйрөдөгү тиричилик. Аэробиоз өсүмдүк, жаныбарлардын дээрлик бардыгында жана микроорганизмдердин көбүнө мүнөздүү. Бардык аэробдук организмдер анаэробдордон айырмаланып, тиричилик үчүн керектүү энергияны заттардын кычкылдануусунан алат.

Көпчүлүк аэробдук организмдердин дем алуусу молекулалык кычкылтекти синирип, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу менен жүрөт. Заттардын жана энергиянын аэробдук алмашуусу анаэробиозго караганда натыйжалуу, анткени молекулалык затка энергиянын көп бөлүнүп чыгышын камсыз кылат.

Ой-пикирлер