Кирүү

Жылкы породалары

Жылкы породалары - азыркы кезде дүйнөдө 250 дөн ашык жылкы породалары бар. Жалпы кабыл алынган бирдиктүү классификациясы жок. Мурунку ССРБ нин аймагында өзүнчө кабыл алынган классификация боюнча жылкы породалары үч топко бөлүнөт. 1) Атайын түзүлгөн шартта, жогорку деңгээлдеги селекциялык иштердин негизинде чыгарылып, өтө иштемчилдиги менен айырмаланган зоот жылкы породалары.

Бул породалар иштемчилдигине жараша төрт типке бөлүнөт: оор жүкчүл жылкылар, миңги, миңги-жүк артылуучулар, арабага чегилүүчүлөр (орус, владимир, советтик оор жүкчүл жылкылар, арденна, першерон, суффолк, шайыр, бельгия оор жүкчүл жылкылары жана башка ); чегилме жылкылар (америка таскакчылы, орус таскакчыл жылкысы, орлов таскакчылы; тори, финн жана башка чегилме жылкылар); минги-чегилме жылкылар (венгр, морган жылкылары жана башка ); минги жылкылар (таза кандуу минги жылкы, будённый, тракен, терек жылкылары жана башка). 2) табигый экологиялык чөйрөгө жакындаштырылган шартта чыгарылып, иштемчилдиги менен айырмаланган зоот жылкы породалары.

Бул породалар иштемчилдиги боюнча белгилүү өлчөмдө бирдей (минги, минги-чегилме), бирок биологиялык сапаттары боюнча айырмалангандыктан зоналык топторго бөлүнөт: талаа жылкылары (дон, костонай жылкылары жана башка ), тоолук жылкылар (Кавказ, Орто Азиядагы жылкы породалары ), түштүк чөл жана оазис жылкылары (ахалтеке, араб, кабарда, йомуд жылкылары жана башка). 3) Табигый экологиялык чөйрөгө жакындаштырылган шартта табигый жана жасалма тандоонун негизинде калыптанган жергиликтүү жылкы породалары.

Булар жергиликтүү шартка жакшы көнүккөн күч унаа жана күч унаа-эт-сүт багытындагы породалар. Алар жер (зона) шартына жараша классификацияланат: түндүк токойлуу жер жылкылары (вятка, печора. мезень, якут жылкылары жана башка ); талаа жылкылары (монгол, забайкалье, казак жылкылары жана башка ); тоолук жылкылар (локай, кыргыз, алтай, тува, азербайжан жылкылары жана башка) жана башкалар.

Ой-пикирлер