Гаял ую
Гаял - жапайы гаур уюнун бакма түрү. Гаялдын дене түзүлүшү гаурга окшош, бирок кичирээк, өңү кара, чанда күрөң, буттары ак, жазы маңдай, дуңгул мүйүз (80 сантиметр). Дене узундугу 3 метрге жетет, салмагы 540 килограммга чейин, өркөчүнөн бийиктиги 160-180 сантиметр, көкүрөгү салыңкы, мойну кыска, өркөчтүү, буттары күчтүү. Жүнү кыска, жылма, жылтылдак. Жалкы тууйт. Эти даамдуу, сүтү майлуу, жылына 400- 500 литр сүт берет. Негизинен Инди-Кытайда багылат. Бирма менен Бенгалияда да бар.
- Акантоцефалёздор мал оорусу
- Вейсман Август
- Колхоздун бөлүнбөс фонду
- Айыл-чарба администрация-башкаруу персоналы
- Колхоз соодасы
Ой-пикирлер