Кирүү

Гельминтоспориоз илдети

Гельминтоспориоз - Helminthosporium уруусундагы мите козу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети. Өсүмдүктүн жалбырагын жана данын темгил так басып, карарып, тамыры менен сабагы чирийт. Илдет үрөн жана өсүмдүк калдыгы менен тарайт.

Арпа (тилке темгил жана калбыр темгил), сулу, жүгөрү, шалы, апийим, гозо чанагынын гельминтоспориозу көбүрөөк таралган. Арпанын тилке темгилинде жалбырагын так басып, бозоруп куурап калат. Дүмбүлү карарат. Калбыр темгилинде жалбырагына саргыч кырбылуу боз так түшөт.

Даны күрөң түскө айланат. Каршы күрөшүү чаралары: тоңдурма айдоо, фосфор-калийлүү жер семирткич чачуу жана башка паянын минералданышын тездетүүчү агротехникалык чараларды көрүү, өсүмдүк калдыгын өрттөп жок кылуу; үрөндү себер алдында тазалоо, сорттоо жана дарылоо.

Ой-пикирлер