Кирүү

Вильморен Левек де

Вильморен Левек де - француз селекционерлеринин үй-бүлөөсү: 1) Филипп Виктуар (22. 09. 1746, Ландрекур - 06. 03. 1804)- ботаник, 1774-жылы кайнатасы Пьер Андрие менен "Вильморен-Андрие" селекция-үрөнчүлүк фирмасын уюштурган. Француз илимпозу Дюкен менен үрөн каталогун басып чыгарып, анда айыл чарба өсүмдүктөрүн, айрыкча чанактуу чөп өсүмдүктөрдү өстүрүү ыкмаларын көрсөткөн. 2) Андре Вильморен (30. 01. 1776, Париж -21. 03. 1862, Бар)- Филипп Виктуар Вильморендин уулу. Андренин убагында Вильморендерин үрөнчүлүк иши дүйнөгө таанылып, 1815-жылы фирма акционер коомуна айланган. Андре Вильморен . көбүнчө тоют кызылчасын селекциялоо ишин жүргүзгөн. 3) Луи Вильморен (18. 04. 1816, Париж - 21. 03. 1860, ошол эле жерде) - Андре Вильморендин уулу, илимпоз-генетик. XIX кылымдын 40-жылдарынан фирмага илимий жетекчилик кылган. Жекече тандоо ыкмасын аргындаштыруу менен айкалыштырып, кант кызылчасынын жаңы сортун (канттуулугу 10-16%) чыгарган. Багбанчылык коомунун вице-президенти болгон. 4) Анри Вильморен (26. 02. 1843, Париж - 23. 08. 1899, Верьер) - Луи Вильморендин уулу, 1873-жылдан баштап фирманы башкарган.

Жасалма аргындаштырууну (негизинен буудайды) биринчи колдонуп, буудайдын мол түшүмдүү 18 сортун чыгарган. Кант кызылчасы боюнча атасынын ишин уланткан. 5) Морис Вильморен (26. 02. 1849, Верьер - 21. 04. 1918, Бар)- Анри Вильморендин иниси. Токой чарбасы жана дендрология боюнча иштеген. Франциянын Ботаникалык коомунун, Айыл чарба академиясынын президенти болгон. 6) Филипп де Вильморен (1872, Варьер - 30. 06. 1917, ошол эле жерде) - Анри Вильморендин уулу. Буудай, арпа, сулу, картошка, кызылча жана башка өсүмдүктөрдүн генетика жана селекциясын изилдеген. 1911- жылы англиялык илимпоз Б. Бетсон менен бирге Парижде генетиктердин 4-конгрессин уюштурган. 7) Жак Вильморен (1882 - 21. 03. 1933) - Филипп Вильморендин жээни, селекционер. 1917-1932-жылдары фирманын илимий ишин жетектеген. Кант кызылчасынын тукум куучулугу жөнүндөгү илимий эмгектин автору. Буудай жана Зыгырды селекциялоону жүргүзгөн. 8) Роже де Вильморен (12. 09. 1905- жылы туулган) ботаник, Франция айыл чарба академиясынын мүчөсү жана Ботаникалык коомунун президенти, 1957-жылдан ВАСХНИЛдин чет өлкөлүк мүчөсү. "Вильморен-Андрие" фирмасынын директору (1925-1962). Фирма Францияда өсүмдүктөрдүн 450дөн ашык түрүн, анын ичинде картошка, кант кызылчасын өндүрүшкө киргизген. Вильморендин жетекчилигинде күздүк буудай, жүгөрү, кант кызылчасынын жана башка көптөгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүү сорттору чыгарылган. Башка өлкөлөрдүн селекция, ботаника боюнча илимий тапшырмаларын аткарат.

Ой-пикирлер