Кирүү

Бөдөнө канатуусу

Бөдөнө - кыргоолдор тукумундагы канаттуу. Дене узундугу 16-20 сантиметр, салмагы 100-150 грамм. Мекияны чоңураак болот. Жону ак темгилдүү боз чаар, боору агыш сары, корозунун алкымы саргыч, мекияныныкы саргыч чаар. Евразия, Африкада көп болот. Кыргызстандын тоо аралыгындагы түздүктөрдө беде, эгиндин арасында көп учурайт. Айрымдары Кочкор, Чүй өрөөндөрүндө кыштап да калышат. 10-14 жумуртка тууйт.

Жумурткаларында (тооктукуна караганда) кальций, темир, витамин көп. Аңчылык кылынат. Айрым жерлерде бөдөнө фермаларында, үй куштары фабрикаларында ("Южная", Крым областы) багылып, эт, жумуртка алынат. Бөдөнөнүн эти даамдуу. Колго бат үйрөнөт.

Ой-пикирлер