Кирүү

Кушум жылкысы

Кушум жылкысы - минги-чегилме жылкы породасы. Урал жана Ак-Төбө областтарындагы (Батыш Казакстан) жергиликтүү бээлерди таскактуу, таза кандуу жана дон жылкысынын айгырлары менен аргындаштыруудан 1930-1963-жылдары чыгарылган. Өңү жээрде, тору жана карагер, айгырынын ыйык жалынан бийиктиги 160,1 сантиметр (бээсиники 154,1 сантиметр), көкүрөк курчамы 192,2 сантиметр (бээсиники 183,5 сантиметр), бутунун жоондугу 20,9 сантиметр (бээсиники 19,3 сантиметр), тирүүлөй салмагы 540 килограмм (бээсиники 493 килограмм). Бээсинен күнүнө 12-20 килограмм сүт саалат. Кушум жылкысы айыл чарба жумуштарына пайдаланылат.

Ой-пикирлер