Кирүү

Айыл чарбасын химиялаштыруу

Айыл чарбасын химиялаштыруу - химиялык өнөр жай чыгарган заттарды айыл чарбанын технологиялык процесетеринде колдонуу; химиялык, биохимиялык, микробиология жана агрохимиялык илимдеринин жетишкендиктерин пайдаланып, эмгек, каражатты аз жумшап, көп продукция чыгарууга жана анын сапатын жакшыртууга багытталган иш-чаралар системасы.

Айыл чарба химиялаштыруунун негизги багыттары:

  • жер семирткич пайдалануу;
  • топуракты химиялык жол менен мелиорациялоо;
  • өсүмдүктү отоо чөптөн, илдет, зыянкечтен коргоо;
  • дефолиация жана десикация;
  • өсүмдүктүн өсүшүн жана түшүмдүүлүгүн жөнгө салуу;
  • мал чарбасында химиялык затты тоют катары жана дары-дармекти пайдалануу;
  • айыл чарба продуктусун консервалоо;
  • синтездик материалдарды мелиорацияда, айыл чарба курулушунда жана башка колдонуу.

"Химиялаштыруу" терминин 1924-ж. советтик окумуштуу Д. Н. Прянишников сунуш кылган. Азыркы этапта айыл чарбасын химиялаштыруу - аны ургаалдаштыруу жолдору негизги багыттарынын бири.

Жер семирткичти пайдалануу дыйканчылыктын бардык тармагында түшүмдү туруктуу түрдө жогорулатары далилденген. Акыркы 35-40 жылда түшүмдүн 50% ке жакыны жер семирткич пайдалануунун, 25% - сортту жакшыртуунун жана 25% ке жакыны - өсүмдүк өстүрүүнүн мыкты технологиясын пайдалануунун натыйжасында көбөйгөн. Жер семирткич пайдаланууда түшүмдүн көбөйүшү көп факторлорго (топурак, климат, уюштуруу-экономикалык шарты, өсүмдүктүн түрү жана сорту, өстүрүү технологиясы, жер семирткичтин сапаты ж. б.) жараша болот.

Кыргызстанда жер семирткичтин ар бир килограмм сиңимдүү затына карай түшүмдүн орточо жогорулашы төмөнкүдөй:

  • Дан өсүмдүктөрү 5,9
  • Пахта 2,1
  • Кант кызылчасы 40,6
  • Тамеки 2,4
  • Картошка 24,5
  • Жашылча 337
  • Тоют, айдоодогу (тоют бирдиги менен)
  • Тоюттук азык тамыр өсүмдүктөр 107,0
  • Көп жылдык чөп 13,8
  • Жайыт жана чабынды (кургак чөбү) 7,1
  • Мөмө-жемиш өсүмдүктөрү 15,8
  • Жүзүм 17,1

Кыргызстанда минерал жер семирткичтер 30-жылдардан бери колдонулууда. 1985-ж. республикада айыл чарба өсүмдүгүнүн ар бир гектар аянтына 174 килограмм (таасир этүүчү заты боюнча) минерал жана 3,2 т. органикалык семирткич чачылган. Бактериялык жер семирткичтен чанактуу өсүмдүктөрдүн азот топтоочу тамыр түймөктөрүн көбөйтүү үчүн ризоторфин колдонулчу.

Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбасын химиялаштыруу илимий изилдөө институтунун маалыматы боюнча республикада 281 миң гадан ашык содалуу шор жана шортоң топурак бар. Мындай топуракты химиялык жол менен мелиорациялоо эгилме өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатууга мүмкүндүк берүүдө. Малга толук баалуу рацион түзүүдө тоют фосфаттары, тоют анти-биотиктери, белок-витаминдүү жана минералдуу кошундулар пайдаланылат. Кыргызстанда тоют аралашмасын Жалал-Абад туз-фосфат заводу, тоют антибиотиктерин (биовит, бацилихин, кормогризин) Фрунзе антибиотик заводу чыгарат. Республикада агрохимиялык жактан тейлөөнү Кыргызстан топурак таануу жана айыл чарбанын химиялаштыруу илимий изилдөө институту, Кыргызстан айыл чарбанын химиялаштыруу илимий-өндүрүштүк бирикмеси ишке ашырат. Химиялык заттарды айыл чарбасында пайдаланууда адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбегендей ыкма колдонулат.

Ой-пикирлер