Кирүү

Кара күрөң коён

Кара күрөң коён - эт-тери багытындагы коён породасы. Татар АССРинде вена көк коёнун, фландр жана ири ак коён менен аргындаштыруудан чыгарылган. 1948-жылы порода катары бекитилген. Кара күрөң коёндун жүнү коюу, кара күрөң тартып, учтары карарып жылтырак. Кара күрөң түлкү жүнүнө окшош. Кара күрөң коён ири, дене узундугу 60 сантиметр тирүүлөй салмагы 5 килограмм (кээси 7 килограмм). 7-8 бөжөк тууйт. Ар кандай зонага жакшы байырлашат. Татар АССРинде асыралган.

Ой-пикирлер