Кирүү

Күн өтүү жана ысык оору

Күн өтүү жана ысык оору 1) Күн өтүү - малдын узак убакыт ысык, тике (көбүнчө башына) тийген күн нурунун таасиринен мээси жабыркап, катуу кармоочу ылаңы. Ат, өгүз, чочко, кээде ит, уйда байкалат. Көбүнчө күндүн ысыгына көнүкпөгөн же узак мезгил короо-сарайда багылып, ысык күнгө алгач алынып чыккан мал ылаңдайт. Күн өткөн мал тердеп, тез-тез дем алып, алы кетип, шалдырайт, мүдүрүлүп басат. Өгө катуу кармаганда малдын денеси ысып, калтырайт, алдыга жүткүнөт, булчуңдары тырышат.

Дарылоо: күн өткөн мал тезинен салкын, көлөкө жерге коюлуп, башына, жүрөк тушуна муздак компресс басылат, венасына лобелин, глюкоза менен кофеин куюлат; дүүлүксө морфин, хлоралгидрат, бромдуу дары-дармек колдонулат. 2) Ысык уруу денеден жылуулук чыгаруу кыйындап, өтө ысып кетишинен болот. Аба ырайы нымдуу, ысык, думуктургуч, бирок күн бүркөк (барометрлик басым төмөн) болгон учурда катуу жумуштан ат, өгүздү ысыкурушу мүмкүн. Көбүнчө абанын нымдуулугу жогору, тар жайда, мисалы, малды ысык күндө начар желдетилүүчү темир жол вагонунда ташыганда пайда болот. Айлана-чөйрөнүн нымдуулугу жана температурасы жогору болгондо денеден жылуулук чыгаруу кыйындап, жылуулук жөндөө бузулат да, ысык урууга алып келет.

Дененин температурасы жогорулайт (41 - 42°С). Көз, мурун, ооздун чел кабыгы көгөрөт. Кан тамыры тез-тез кагып, жүрөгү катуу согот. Мал алсырап, сырткы дүүлүгүүгө реакциясы жоголот. Кээде өпкөсү шишийт. Дем алуусу кыйындап, булчуңдары титиреп, тырышат. Мал жыгылып, деми кысылып, өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Айрым учурда күн өтүү жана ысык уруу бирге болот. Дарылоо: малга күн өткөн учурдагы дарылоо ыкмасы колдонулат.

Ой-пикирлер