Кирүү

Кысыр аңыз жери

Кысыр аңыз - бир же андан көп жыл айдалбаган бош жер. Айрым учурда жер 8-15 жыл айдалбай бош калтырылат. Ал жер чөп чабынды, жайыт катары пайдаланылат.

Кысыр аңыз дыйканчылык системасы

Кысыр аңыз дыйканчылык системасы - дыйканчылыктын алгачкы эң жөнөкөй экстенсивдүү системасы. Бул система дыйканчылык өнүгө баштаганда колдонулуп, топурактын табигый күрдүүлүгүн пайдаланууга негизделген. Айдоо 8-15 жылга кысыр калтырылып, табигый чөптүн эсебинен топурактын күрдүүлүгү калыбына келет.

Ой-пикирлер