Кирүү

Брабансон жылкысы

Брабансон жылкысы (Braban - область , бир бөлүгү Бельгияда, экинчи бөлүгү Нидерландда) - оор жүкчүл жылкы породасы, "бельгия басыктуу жылкысы" деген жалпы ат менен белгилүү. Эң көп таралган оор жүкчүл жылкы. Жергиликтүү жүкчүл жылкыны жакшыртуу менен XVIII кылымда Бельгияда чыгарылган. Брабансон жылкысынын башы чоң, мойну кыска, буту жоон, чачыктуу, кайкы бел, соорусу эки бөлүнүп турат; жоош жылкы.

Өңү кара кер, тору, жээрде, буурул, айрымдары кула болот. Айгырынын ыйык жалынан бийиктиги 160-167 сантиметр (бээсиники 160-163 сантиметр), дене узундугу 175-176 сантиметр (174-175 сантиметр), көкүрөк курчамы 215-220 сантиметр (205-210 сантиметр), бутунун жоондугу 26-28 сантиметр (24- 26 сантиметр). Айгырынын орточо салмагы 900 килограмм (айрымдары 1200 килограмм), бээсиники 700 килограмм.

Көбүнчө колдон тоюттандырылат; тез жетилип, кунан кезинде эле чарбалык ишке пайдаланылат. Брабансон жылкысы Бельгия, Италия, АКШ, Венгрия, Болгария, Голландия, Дания, Чехословакия жана башка өлкөлөрдө асыралат. Мурунку ССРБ де брабансон жылкысынын негизинде советтик жүкчүл жылкы породасы чыгарылган.

Ой-пикирлер