Жаныбарлардын көбөйүшү
Жаныбарлардын көбөйүшү - жаныбар организминин тукумун кайтадан жаңылап пайда кылып туруу касиети. Түрдүн сакталышын жана көбөйүшүн, тиричиликтин үзгүлтүксүздүгү менен мурункудай уланышын камсыз кылат. Организмдердин айрым түрү тиричилигинде бир гана жолу, башкалары бир нече жолу көбөйөт. Жаныбарлардын көбөйүшү 2 типке бөлүнөт: жыныссыз жана жыныстык көбөйүү. Кээ бир жаныбарларда (мисалы, ичеги көңдөйлүүлөрдө) көбөйүүнүн бул 2 түрү алмашылып турат. Жыныссыз көбөйүү - жөнөкөй түзүлүштөгү организмдердин өзгөчөлүгү.
Мында бир гана энелик организм катышып, тукум анын денесинин бөлүнүшүнөн (2 ге же андан көпкө), бүчүрлөнүшүнөн же бир клеткалуу өзгөчө түзүлүштөн - спорадан пайда болот. Кээде бөлүнүүдөн пайда болгон клеткалар өз алдынча кетпей, колония пайда кылат. Жыныстык көбөйүү кеңири таралган. Мындагы негизги процесс - гаметалардын (жыныс клеткаларынын) кошулушу. Жыныс клеткалары жыныс бездеринде калыптанат. Уруктануу сырткы чөйрөдө (ийне терилүүлөр, балыктар) же организмдин өзүндө өтүшү мүмкүн.
Малдын жана үй кушунун көбөйүшү татаал процесс. Уй 6-10 айында, кой 5-6 айында, жылкы 15-18 айында, чочко 5-8 айында жыныстык жактан жетилет. Тооктун жумуртканы көп берүүчү породалары 4-5 айында, ири эт породасындагылары 6-8 айында жетилет. Бул маалда малдын жыныстык органдары толук жетилип, жыныс бездери жыныс клеткаларын жана жыныс гормондорун иштеп чыга баштайт. Бирок мал кийинчерээк, жыныстык жактан эмес, жалпы жетилгенде гана куутка кошулат. Малды тукум алуу үчүн пайдалануу мөөнөтү картайышына жана асыл тукумдук баалуулугуна жараша ар түрдүү болот.
Жылкынын тукумчулдугу 16-18, айрымдарыныкы 20-30 же андан да көп жылга чейин сакталат. Сааны жакшы уй 13-16, кой 6-7 жыл асыралат. Тоок 10 жылга чейин жумуртка бере алат; бирок алгачкы жылдары эле асыроо натыйжалуу. Жаныбар организминин тукум берүү касиети өтө жогору, бирок ал сырткы (температура, жарык, тоют) жана ички факторлорго (гормон) жараша болот. Бул факторлорду өзгөртүү менен пайдалуу жаныбарларды көп арбытууга, зыяндууларын азайтууга болот.