Кирүү

Ат конок өсүмдүгү

Ат конок - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жана бир жылдык эгилме өсүмдүк. Европа, Азия, Африкада 15 түрү, Орусияда 12 түрү бар. Кыргызстанда шалбаа, талаа, альп, шыпыргы сымал ат конок өсөт. Бардыгы тоют катары пайдаланылат. Айрыкча шалбаа ат конок (көп жылдык өсүмдүк) маанилүү. Бийиктиги 140 сантиметрге чейин жетет. Топ гүлү - шыпыргыдай чачык.

Жалбырагы өсүмдүктүн 36-41%ин түзөт. Чымдуу, саздак, кара, боз топурактуу, кумдук жерлерде өсөт. Жакшы шартта 10 жыл бою мыкты түшүм берет. Шалбаа ат конок дан өсүмдүктөр менен кошо эгилип, аралаш тоютка пайдаланылат. Шалбаа ат коногунун 100 килограмм көк чөбүндө 21,3 тоют бирдиги жана 1,5-1,7 килограмм сиңимдүү протеин, 100 килограмм кургак чөбүндө 50 тоют бирдиги жана 5,0 килограмм синимдүү протеин бар. Жайкысын баш алганда эки жолу чабылат. Альп ат конок бийик тоолуу жайыттарда өсөт. Аны бардык мал жакшы оттойт.

Ой-пикирлер