Кирүү

Чарбадагы бычуу, мааниси

Бычуу, биттөө - эркек малдын жыныс бездерин хирургиялык жол менен алып таштоо же ал бездердин функциясын башка ыкмалар (гормон берүү, нурга кактоо) менен токтотуу. Ветеринардык практикада малды хирургиялык бычуу кеңири колдонулат. Бычылган мал жоош болуп, жакшы бордолуп, эти даамдуу, жагымдуу келет.

Кээде малдын жыныс мүчөсүнүн сезгениши жана башка жарааттарын айыктыруу үчүн да бычылат. Мал көбүнчө эрте жазда же кеч күздө бычылат. Малды бычуу ишин ветеринардык врач же ветеринардык фельдшер жүргүзөт. Хирургиялык бычуу эки түрдүүчө болот: кандуу - калтаны кесип, эн алынып ташталат; кансыз - эн танабын кысуу же эзүү менен эндин иштеши токтотулат. Бычылган айгыр - ат, бука - өгүз, буура - атан, кочкор - ирик, теке - серке (эркеч) деп аталат. Жылкы 3-4 жашында (бышты кезинде), букачар 1 жашында, борго байлануучулары 6 айлыгында, козу-улак 4-6 айлыгында биттелет.

Ой-пикирлер