Кирүү

Балбас кой породасы

Балбас - эт, жүн, сүт багытындагы кылчык жүндүү, куйруктуу кой породасы. Закавказьеде элдик селекциянын негизинде чыгарылган. Куйругу толорсугуна чейин түшүп, экиге бөлүнүп турат; өңү ак, кара башыл, шыйрагында, кулагынын учунда, көзүнүн тегерегинде кара тагы бар. Кочкорунун салмагы 85-90 килограмм (эң чоңу 110 килограммга чейин); соолугу 55-60 килограмм, (чоңу 75 килограмм), сойгондо 45-50% эт берет.

Кочкорунан 12 килограммдай, соолугунан 5-6 килограмм куйрук май чыгат. Кочкорунан 2,8-3,2 килограмм, соолугунан 2,0-2,1 килограмм жүн кыркылат. Анын 50-65% таза жүн. Жүнүнүн узундугу 11 - 17 сантиметр, сапаттуу килем токулат, кийиз өтүк жана башка буюмдар жасалат. Ар койдон жылына 124-130 литр сүт саалат. Ар жүз тубар койдон 112-120 козу алынат. Бул кой тоолуу жайытка жакшы көнүккөн. Балбас Арменияда, Азербайжанда, Иранда жана Түркияда асыралат.

Ой-пикирлер