Кирүү

Инфантилизм малдын жетилбей калуусу

Инфантилизм (лат. infantilis - балалык) - бүт организмдин (жалпы инфантилизм) же көбүнчө жыныс органдарынын (жыныс инфантилизми) жетилбей калышы. Малды тектеш аргындаштыруудан, бооз малды начар тоют менен тоюттандыруудан пайда болгон тубаса инфантилизм жана кийин пайда болгон инфантилизмге (төлдү туура эмес багуудан, дайыма жетишсиз тоюттандыруудан, ички секреция бездеринин өспөй калышынан же иштешинин бузулушунан, жугуштуу ылацдардын таасиринен пайда болгон) айырмаланат. Инфантилизмде мал тукумсуз, төл алууга жараксыз болот. Чоңоюп жетилген малда жаш малдын белгилери сакталат. Инфантилизм болгон малды дарылоо көп учурда натыйжа бербейт; мындай мал асыл тукум малдан жараксыздыкка чыгарылат. Алдын алуу: бооз малды, төлдү туура тоюттандырып багуу.

Ой-пикирлер