Кирүү

Консерва заводу

Консерва заводу - жашылча-жемиш консерва заводу - тамак-аш өнөр жайынын бир тармагы. Ал тез бузулуучу азык-түлүктөрдү (жашылча-жемиш, эт, сүт, балык, өсүмдүк ширелери жана башка) узакка сактоо үчүн жылчыксыз жабык идиште атайын технология боюнча стерилдеп чыгарат. Сырьёну иштетүүнүн мындан башка түрлөрү (кургатуу, туздоо, ачытуу, маринаддоо, тоңдуруу жана башка) да колдонулат. Заводго жашылча-жемиш сезон боюнча түшкөндүктөн, бөлөк азык-заттар (эт, балык же сүт жана башка) да консерваланат. Консерва заводунда ошондой эле компот, пюре, кыям, шире, маринаддалган мөмө-жемиш-тер чыгарылат. Консерва заводу жашылча-жемиш сырьёлору мол жерде (негизинен Украина, Молдавия, Түндүк Кавказ, Орто Азия, Волга бою жана башка) курулат.

Ар бир консерва заводунда химиялык -технологиялык лабораториялар, желдеткичтер, өрткө каршы жана башка түзүлүштөр кошо курулат. Кыргызстанда жашылча-жемиш консервалары Токмок консерва өндүрүш бирикмесинде, Кара-Балта консерва заводунда чыгарылат. Консервалоо аркылуу Совет мамлекетти өзүнө айыл чарбанын товардык продукциянын көбүн топтоп, калкты азык-түлүк, өнөр жайды айыл чарба чийки заты менен камсыз кылат. Айыл чарба продукциясын туруктуу баа боюнча сатып алуу жана өткөрүү баасын жогорулатуу колхоз, совхоздорун чарбалык өз алдынчалыгын чыңдап, келечекте өндүрүштү өнүктүрүү жолун белгилөөгө, чарбаны чечкиндүү адистештирүүгө, капиталдык салымдарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк түздү.

Ой-пикирлер