Кирүү

Кууш катар эгүү

Кууш катар эгүү - өсүмдүктүн катар аралыгын 10 сантиметрден ашырбай эгүү. Дан эгиндерин (арпа, буудай, кара буудай жана башка ), ошондой эле жашылча менен көп жылдык чөптөрдү эгүүдө кеңири колдонулат. Кууш катар эгүүдө үрөн эгүүнүн башка жолдоруна караганда текши себилип, эгинди отоо чөп аз басат. Натыйжада ар гектардан 1,5-2 метрге көп түшүм алынат. Кууш катар эгүүнүн натыйжалуулугу жердин айдалышына жараша болот. Эгин аянты текши, тегиз айдалбаса, үрөн да текши, бирдей тереңдикте себилбей калып, кууш катар эгүү жакшы натыйжа бербейт.

Ой-пикирлер