Кирүү

СССРде айыл чарбасын индустриялаштыруу

Айыл чарбасын индустриялаштыруу - айыл чарба тармактарында ири машина өндүрүшүн түзүү процесси, аны индустриялык ыкма менен өнүктүрүү. СССРде индустриялаштыруу Улуу Ата Мекендик согушка чейинки беш жылдыктарда ишке ашырылган.

Индустриялаштыруунун натыйжасында агрардык өлкөдөн зор өнөр жайлуу өлкөгө өсүп чыкты. Натыйжада өлкөдө өнөр жай эл чарбасынын негизги тармагы болуп, анын негизинде айыл чарбасы механикалаштырылган өнүккөн чарбага айланды. Айыл чарба индустриясы төмөнкүлөрдү өз ичине камтыйт:

  • өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу жана өндүрүштү автоматташтыруу, тармактарды өнөр жайлык технологияга өткөрүү;
  • техника жабдылышы, эмгек акы төлөө жана уюштуруу методдору менен түрлөрү боюнча айыл чарбанын өнөр жайга жакындаштыруу, өндүрүш процесстерин электрлештирүү;
  • жердин экономикалык күрдүүлүгүн жана көп түшүм алуунун негизин түзгөн мелиорацияны жана химиялаштырууну колдонуу;
  • өндүрүштү рационалдуу адистештирүү жана топтоштуруу;
  • чарба аралык кооперативдештирүү;
  • айыл чарба өндүрүшүн өнөр жай менен бириктирүү, агрардык өнөр жай ишканаларынын өнүгүшү;
  • айыл чарба продукциясын даярдоо, сактоо, кайрадан иштеп чыгуу, ташуу жана сатуунун материалдык-техника базасын индустриялык негизге өткөрүү, жогорку өнүккөн агрардык өнөр жай комплексин түзүү.

Айыл чарба индустриясы - бул тармактын натыйжалуулугунун өсүшүнүн чечүүчү фактору болуп эсептелет. Индустриялаштыруу айыл-кыштактын социалдык маселелерин чечүүдө да маанилүү роль ойнойт. Айыл-кыштак менен шаардын социалдык-экономикалык айырмасын акырындык менен жоюу, колхоздук-кооперативдик менчиктин коомдоштуруу деңгээли өсүп, мамлекеттик менчикке биригип, бирдиктүү жалпы элдик менчикти түзүүгө шарт түзөт.

Айыл чарба индустриялаштыруу аны өндүрүш каражаттары менен камсыз кылуучу жана анын продукциясын иштеп чыгаруучу өнөр жай тармактарынын тез өсүшүнө байланыштуу. Өлкөнүн экономикалык потенциалынын өсүшү азыркы этапта машиналарды, жабдууларды, минералдык жер семирткичтерди жана айыл чарбасы үчүн аралаш тоютту көп чыгарууга жана өндүрүш процесстерин кеңири электрлештирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Анын негизинде айыл чарбасынын капитал салымы көбөйөт, эл чарбасындагы жалпы чыгымдын ага тиешелүү көлөмү жогорулайт.

Айыл чарбаны индустриялаштыруунун негизги милдеттеринин бири - кадрларды даярдоо жана алардын кесиптик квалификациясын өркүндөтүү системасы. КПСС БКнын Май (1982) пленуму жана 27-съездинин чечимдеринде агрардык өнөр жай комплексинин материалдык-техника базасын мындан ары тездик менен өнүктүрүүнүн программасы каралган. Азыркы мезгилде капиталдык салымдын кайтарымдуулугуна, аны натыйжалуу колдонууга, интенсивдүү технологияны, илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүгө зор көңүл бурулууда.

Ой-пикирлер