Кирүү

Илимий-өндүрүш бирикмеси

Илимий-өндүрүш бирикмеси - айыл чарбасында - бирдиктүү илимий-өндүрүштүк жана чарбалык комплекс. Анын курамына илимий-изилдөөчүлүк, конструкторлук, долбоорлоо-конструкторлук, технологиялык мекемелер жана уюмдар, завод, эксперименттик, тажрыйба-өндүрүштүк чарба жана башка айыл чарба ишканалары кирет. Илимий-өндүрүш бирикмесинин иш аракети айыл чарбасында илимий-техника прогрессти тездетүүгө, технологиялык процесстерди дайыма өркүндөтүп турууга, продукция сапатын, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана башка багытталган.

Бул милдеттер айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, малдын жаңы породасын чыгаруу, өндүрүштүн техника каражаттарын, технологиялык ыкмаларын иштеп чыгуу, өндүрүштү жана эмгекти илимий уюштуруу жана башка илимий иштеп чыгууларды жана сунуштарды иш жүзүндө сыноодон өткөрүү; илимдин жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүү жана башка жолдор менен аткарылат. Зарылдыгына карай илимий-өндүрүш бирикмесине кээ бир совхоздор жана башка айыл чарба ишканалары жана уюмдар баш ийиши мүмкүн, бирок ал чарбалар укуктук өз алдынчалыгын сактайт.

Колхоздор жана чарба аралык ишканалар (уюмдар) келишимдик башталышта илимий-өндүрүш бирикмесинин ишине катышат. Айыл чарба илимий-өндүрүш бирикмесинин иши Илимий-өндүрүш бирикмесинин жобосунун негизинде жөнгө салынат. Кыргыз ССРинде Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан мал чарба илимий-өндүрүш бирикмеси жана башка түзүлүп, аларга көптөгөн айыл чарба ишканалары, тажрыйба станциялары жана башка баш ийген.

Ой-пикирлер