Кирүү

Балдуу өсүмдүктөр

Балдуу өсүмдүктөр - гүлүнөн бал аары шире жана чаңча жыйноочу жабык уруктуу өсүмдүктөр тобу; аары чарбасынын тоют базасы. Балдуу өсүмдүктөрдүн бир эле түрүнөн аары шире да, чаңча да чогултат. Айрым балдуу өсүмдүктөр (кайың, чие жана башкалар) чайырлуу зат да бөлүп чыгарат. Андан аары прополис жасайт.

Балдуу өсүмдүктөрдөн аары шире чогултууда аларды кайчылаш чаңдаштырып, түшүмүн жогорулатууга көмөк берет. Бул айрыкча айыл чарба өсүмдүктөрү (уй беде, беде, жер буурчак жана башка талаа өсүмдүктөрү; күн карама, түрп, жалган кычы жана башка май алынуучу өсүмдүктөр; шалфей, мышык тамыр жана башка эфир майлуу өсүмдүктөр; пахта, кендир; көптөгөн мөмө бак, бакча, цитрус, огород өсүмдүктөрү, жүзүм жана башкалар ) үчүн мааниси чоң. Мурунку ССРБ нин аймагында балдуу өсүмдүктөрдүн 1000ден ашык түрү өсөт; анын 200дөй түрүнөн шире жеткиликтүү өлчөмдө бөлүнүп, аны аары оңой чогултат.

Балдуу өсүмдүктөрдүн кыйла бөлүгүн эгилме өсүмдүктөр түзөт. Балдуу өсүмдүктөр ботаникалык жана чарбалык белгилери, ошондой эле гүлдөө убагы, өскөн жери жана башка көрсөткүчтөрү боюнча класстарга бөлүнөт. Бал көп (1 гектар жерде туташ өскөн өсүмдүктөн чогулуучу бал килограмм менен) чогултулуучу балдуу өсүмдүктөргө кирген дарак жана бадалдар - жөкө дарак (1000 килограммдай), талаа зараңы (1000 килограммдан ашык) жана башка мөмө бактары (алма, алмурут жана башкалардан 20-30 килограммдан); чөп өсүмдүктөр - кара күрүч (60-90 килограмм), күн карама (30-40 килограмм), пахта (50-60 килограмм ), кориандр (200 килограмм), эспарцет (90-400 килограмм), кашка беде (300 килограммдай), уй беде (100-125 килограмм), беде (100 килограмм) жана башкалар. Балдуу өсүмдүктөрдүн көбү Кыргызстанда өстүрүлөт.

Бал жыйым

Бал жыйым - аарынын өсүмдүк гүлүнөн бал чогултушу. Анын ыргаалдуулугу уюкта балдын тез жана көп топтолгондугуна жараша болот. Аары чарбасын туура уюштуруу үчүн ошол жерде бал жыйымдын канча убакка созуларын жана канча бал жыйналарын билүү зарыл. Бал жыйым аары азыктык (күчтүү аарылар болсо да балды аз чогулткандыктан уюктун азыгына гана жетет) жана өндүрүмдүү (азыгынан артып, азык түрүндө алынат) болуп бөлүнөт.

Бал камыш

Бал камыш - дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык (тропиктен башка жерде - бир жылдык) өсүмдүк. Сабагы түз, бийик (60 сантиметрдей), жоондугу 5 сантиметрдей, муунактуу. Өтө бутактанган шыпыргы сымал топ гүлдүү (узундугу 70-90 сантиметр). Сабак паренхимасынын клеткасында 5-20% кант болот. Тропик жана субтропик алкактарында 5-10 түрү өсөт. Түштүк-Чыгыш Азиядан таралган.

Жапайы бал камыш - жапайы өсүүчү полиморфтук түрү Түштүк, Түштүк-Чыгыш Азия, Африка, Австралияда, мурунку ССРБ нин аймагында - Орто Азияда (көбүнчө жайылмада); барбера бал камышы - эгилме түрү Индиянын субтропигинде өсөт. Сабагында 16-18% сахароза болот. Кытай бал камышы негизинен Кытай менен Японияда өстүрүлөт. Эгилме бал камыш (жапайы түрдө кезикпейт) тропиктик аймактарда эгилет (негизинен гибрид формалары).

Бал камыш биздин заманга чейинки 3000 - жылдан бери эгилет (Индияда); Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө, Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кытайда биздин заманга чейинки VI кылымдан баштап өстүрүлөт. XVI кылымдан тартып Батыш-Индия аймагында, Мексика, Түштүк Америкада айдалат. Дүйнөдө чыгарылган канттын 60% дан ашыгы бал камыштан (сабагында 10-18% кант болот) алынат. Калдыгы курулушта пайдаланылат.

Ой-пикирлер