Кирүү

Колхоздо дүң кирешени бөлүштүрүү

Колхоздо дүң кирешени бөлүштүрүү - колхоздун дүң кирешесинин өсүшүнүн, экономикасынын чыңдалышынын көрсөткүчү. Анын негизинде керектөө жана топтоо фондулары түзүлөт. Керектөө фондусу менен топтоо фондусунун ортосунда экономикалык жактан негиздүү пропорция сакталууга тийиш. Бул коомдук чарбанын кеңейтилген кайта өндүрүү темпин аныктайт. Дүң кирешени туура бөлүштүрүү - өндүрүш деңгээлин жогорулатуунун маанилүү шарты. Колхоз дүң кирешенин эсебинен эмгек акы фондусун түзөт. Колхозчуларга гарантиялуу эмгек акы төлөө белгиленет.

Айыл чарбасында түзүлгөн дүң киреше коомдун улуттук кирешелеринин составдык бөлүгүн түзөт. Колхоздун үлгү уставынын жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Дүң кирешеден эмгек акы фондусунан тышкары колхозчуларды социалдык камсыз кылуунун жана камсыздандыруунун борбордоштурулган союздук фондусуна чегерилет. Ушулардан калган бөлүгү колхоздун накта кирешесин түзөт. Колхоздун накта кирешесинин бир бөлүгү жалпы элдин муктаждыгы үчүн киреше салыгы катары мамлекеттик бюджетке түшөт. Накта кирешеден колхоздун бөлүнбөс фондусу - негизги жана айланма фондусу толукталат.

Бөлүнбөс фонду чарбанын капиталдык салымынын башкы булагы, ал негизги фондунун такай көбөйүшүн камсыз кылат. Накта кирешенин эсебинен коомдук керектөө фондусу түзүлөт жана толукталып турат, маданий-тиричилик фондусуна чегерилет. Алар балдар жана маданият мекемелерине, кадрларды даярдоого, маданий-массалык жана физкультура иштерин жүргүзүү жана башкаларга жумшалат. Киреше бөлүштүрүүдө ар бир колхоз конкреттүү шартты, өз чарбасынын экономикалык деңгээлин эске алат. Колхоз киреше бөлүштүрүүдө керектөө менен топтоону туура айкалыштырып, коомдук жана өндүрүш фондуларынын өсүшүн, колхозчулардын турмуш деңгээлинин жогорулашын камсыз кылат.

Ой-пикирлер