Кирүү

Желдеткич

Желдеткич - аба же газдын жасалма агымын пайда кылуучу машина. Ал өнөр жай, айыл чарба, курулуш, турмуш тиричиликте кеңири колдонулат. Пайда кылган аба басымына жараша желдеткич төмөнкү, орто, жогорку басымдагы болуп бөлүнөт. Желдеткичтин октук жана борбордон четтеме түрү бар. Октук желдеткич чоң басымды пайда кылбайт, ал аз басым менен көп аба берүү үчүн (мисалы, бөлмөнү желдетүү, автотрактор кыймылдаткычынын радиаторун муздатуу) колдонулат. Октук желдеткич күпчөккө бекитилген 4 калактуу дөңгөлөктөн турат.

Октук желдеткичтин калактары бурулма жана бурулбас болушу мүмкүн. Октук желдеткичте аба калактуу дөңгөлөк аркылуу окту бойлой кыймылдайт. Борбордон четтөөчү желдеткич жалпы колдонулуучу жана атайын болуп бөлүнөт. Ал айыл чарба машиналарында тазалоочу, жем даярдоочу, жыйноочу, бүрккүч, чачыраткыч жана башкада колдонулат.

Ой-пикирлер