Колхоз
Колхоз, коллективдүү чарба - ССРБ (Советтик Социалисттик Республикалар Бирикмеси, орусча СССР) де коомдук өндүрүш каражаттары менен шериктеш эмгектин негизинде социалдык ири айыл чарбанын биргелешип жүргүзүүчү эмгекчи дыйкандардын ыктыярдуу бирикме уюму болгон. Колхоздор ССРБ де айыл чарбанын коллективдештирүү мезгилинде В. И. Лениндин кооперация планынын негизинде уюшулган. Колхоз түзүлүшү - советтик социалдык коомдун ажырагыс бөлүгү; бул колхозчу дыйкандардын бара-бара коммунизмге өтүшүнүн тарыхый жактан текшерилген жана дыйкандардын өзгөчөлүгү менен таламдарына жооп берген бирден-бир жолу.
Социалисттик коомдук чарбанын прогрессивдүү формасы катары колхоз айыл-кыштактарда өндүргүч күчтөрдү өркүндөтүп, колхоздук демократиянын негизинде колхозчулардын өндүрүштү өзү башкарышын камсыз кылат. Колхоз - дыйкандар үчүн коммунизмдин мектеби. Колхоз түзүлүшү жумушчулар менен дыйкандар союзун чындады. Колхоздор механикалаштырылган индустриялуу ири айыл чарба ишканасына айланды, алардын коомдук байлыгы өстү. Колхоздун негизги милдети: чарбанын экономикасын чыңдоо жана өнүктүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана коомдук өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу; айыл чарба өндүрүшүн ургаалдаштыруу, материалдык-техника базасын чыңдоо, комплекстүү механизацияны колдонуу жана жерди химиялаштыруу, мелиорациялоо аркылуу айыл чарба продуктусун мол алып, мамлекетке көп сатуу; социалдык мелдешти өркүндөтүү; колхозчулардын улам өсүп жаткан материалдык жана маданий таламдарын толук канааттандыруу, алардын турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу. Колхоз өз ишинде Колхоз уставын (Колхоздун үлгү уставынын негизинде түзүлөт) жана колхозго тиешелүү мыйзамдарды жетекчиликке алат.
Коллективдүү чарбалар Улуу Октябрь Социалисттик революциясы жеңгенден кийин гана пайда болду. Колхоздун 3 формасы белгилүү: айыл чарба коммунасы, жер шериктештиги (ТОЗ) жана айыл чарба артели. Алар негизинен өндүрүш каражаттарын коомдоштуруу даражасы жана киреше бөлүштүрүү жолдору боюнча өз ара айырмаланган. 1929-жылдын июнундагы маалымат боюнча өлкөдөгү бардык колхоздордун 6,2% ын айыл чарба коммунасы, 60,2% ын жер шериктештиги, 33,6% ын айыл чарба артели (1932-жылы 96% ын) түзгөн. 1930-жылдардын башында коммуна менен жер шериктештигинин көпчүлүгү айыл чарба артелинин уставына өтүп, артель колхоздун негизи кийин бирден-бир формасы болгон, "айыл чарба артели" деген ат өз маанисин жоготуп, колдонулуп жаткан мыйзамдарда, партиялык жана мамлекеттик документтерде "колхоз" деген ат колдонулган; бул колхоздун үлгү уставында чагылдырылган. Колхоз - чарбалык эсептеги социалдык айыл чарба ишканасы.
Анын негизги иши - дыйканчылык жана мал чарба азык-түлүгүн алуу. Эмгек ресурстары менен жергиликтүү сырьёлорду толук пайдаланып, чарбанын кирешесин арттырууну көздөп, көмөкчү ишканаларды да уюштурат. Колхоз өндүрүшүнүн негизги каражаттарынын бири - жер. Ал ССРБ де мамлекеттик менчик болуп саналып, колхозго акысыз жана түбөлүк пайдаланууга бекитилип берилген. Жерди сатып алууга, сатууга жана арендага берүүгө тыюу салынат. Колхоз жери коомдук пайдалануу жерине жана короо-жай жерине бөлүнөт. Колхоздун экономикалык негизин мамлекеттик жер менчиги менен катар колхоздун коомдук менчигин - ишкана, имарат, курулуш, трактор, комбайн жана башка айыл чарба машиналары, жабдуу, транспорт каражаттары, күч унаа жана мал, көп жылдык бак-дарак, мелиорация жана ирригация жабдуулары, алынган продукция, акча каражаты жана башка мүлктөр түзөт.
Колхоздо чарба ишин жүргүзүү, чарбаны андан ары өнүктүрүү үчүн негизги жана айланма өндүрүш фондулары түзүлөт, аны пландуу, өндүрүмдүү пайдаланат жана толуктап турат. Бул колхоздун бөлүнбөс фондусу болуп саналат жана тийиштүү максатка жумшалат. Колхоздо өндүрүш менен эмгекти уюштуруу формасы - участка, мал чарба фермасы, өндүрүштүк бригада, звено жана башка бөлүмдөр болуп эсептелет. Колхоздо киреше бөлүштүрүү топтолгон каражаттар менен керектөөлөрдү туура айкалыштыруу, коомдук жана өндүрүш фондуларын көбөйтүү, колхозчулардын турмуш деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт. Дүң кирешесинин эсебинен эмгек акы фондусу түзүлөт. Накта киреше салык төлөөгө, мамлекетке акчалай төлөмдөрдү берүүгө, негизги жана айланма фондуларды көбөйтүүгө, маданий-тиричилик фондусун, социалдык камсыздоо жана колхозчуларга материалдык жардам көрсөтүү фондусун түзүүгө, колхозчу жана адистерди материалдата сыйлоого жана башка максаттарга жумшалат.
Накталай продукциядан колхоз үрөн фондусун түзөт, мамлекетке айыл чарба продуктуларын сатуу шланын орундатат, накталай ссуданы кайтарып берет, колхозчуларга эмгек акы эсебинен, берүү же сатуу үчүн накталай фондуну түзөт, пландан ашыгын мамлекетке сатат, коомдук тоют фондусун түзөт жана башка Коомдук эмгекке катышкандарга колхоз гарантиялуу (1966-жылдан баштап) эмгек акы белгилейт, ошондой эле кошумча эмгек акы төлөө жана материалдык жактан кызыктыруу чаралары колдонулат. Колхозду башкаруу системасынын негизи - колхоздук демократия болуп эсептелет. Жогорку башкаруу органы - колхозчулардын жалпы чогулушу, ири колхоздордо - өкүлдөрдүн чогулушу. Колхозчулардын бүткүл союздук 3-съездинин чечймине ылайык шайланма Колхоз совети уюшулган. Айыл чарбасына пландуу жетекчилик кылуу борборлоштурулган пландоону айыл чарба ишканасынын демилгеси менен туура айкалыштыруунун негизинде ишке ашырылат.
Айыл чарба продукциясын сатуу боюнча мамлекеттик планга жараша колхоз коомдук өндүрүштү өзү пландаштырат. Мамлекеттик колхозду алдыңкы техникалык, жер семирткич жана башка материалдык каражаттар менен камсыз кылат. Колхоздо жерди мелиорациялоо, топуракты эрөзияга учуратпоо жана башка боюнча ири иш-чаралар мамлекеттик бюджеттин эсебинен финансыланат. Мамлекеттик колхозго узак жана кыска мөөнөткө кредит берет. Колхозго ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети жана анын жергиликтүү органдары жалпы жетекчилик кылып, материалдык-техника каражаттар менен камсыз кылган. Алгачкы колхоздун материалдык-техника базасы жеке дыйкан чарбаларынын негизги өндүрүш каражаттарын коомдоштуруунун натыйжасында түзүлүп, техника менен жабдылышы өтө начар болгон; мисалы, 1928-жылы эгиндин 75% кол менен себилип, 44% орок менен орулган, 41% темин жана моло таш менен бастырылган.
Коллективдештирүү мезгилинде (1929-1933) колхозду эң оболу айыл чарба машиналары (трактор, комбайн, автомобиль жана башка) менен камсыз кылуу зарыл болгон. Өлкөнү индустриялаштыруу колхоздун материалдык-техника базасын чыңдоого мүмкүндүк берди. 1934-жылы колхоздо 117 миң трактор, 10 миң дан комбайны жана башка айыл чарба машиналары иштеген. 1929-жылы колхоздорду тейлөө үчүн машина-трактор станциясы (МТС) уюшулуп, ал айыл чарбанын чыңдоодо зор роль ойногон. Колхоздун материалдык-техника базасы кескин түрдө өнүктү. Колхоздо трактордун саны 621 миңден (1960) 1150 миңге (кыймылдаткычынын жалпы кубаттуулугу 90 миллион ат күчүнө барабар, 1985), дан комбайны 267 миңден (1960) 367 миңге (1985) жеткен. 1960-жылдардан баштап колхоздо негизги талаа жумуштары (айдоо, себүү, оруп-жыйноо жана башка) толук механикалаштырылды.
Техника менен эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдаланып, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында айрым колхоздор ирилештирилди, айрымдары совхозго айландырылды; натыйжада колхоз саны кыскарды. 1940- жылы ССРБ де 236,9 миң, 1960-жылы 44,9 миң, 1985-жылы 26,2 миң колхоз болгон. 1985-жылы өлкөдөгү 26.2 миң колхоздо 12,6 миллион колхоз түтүнү болгон, орто эсеп менен 12,6 миллион колхозчу эмгектенген; колхоздун дүң кирешеси 36,7 миллиард сомду түзгөн; 91,3 миллион гектар айдоо аянты болгон; 50,6 миллион уй (15,8 миллион тубар уй), 43,4 миллион кой, 0,3 миллион эчки жана 29,1 миллион чочко асыралган. Колхоз алдыңкы жаңы техника менен жабдылып, жогорку квалификациялуу кадрларга ээ болду жана эң ири социалдык айыл чарба ишканасына айланган.
Колхоздун негизги өндүрүштүк фондусу 1971-жылы 42,6 миллиард сом болсо, 1985-жылы 127,1 миллиард сомго жеткен. Коомдук байлыктын өсүшү айыл чарба азык-түлүгүн өндүрүүнү көбөйтүп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга негиз болду. 1984-жылы мамлекетке айыл чарба продукцияларын сатууда колхоздун үлүшү (пайыз менен): пахта - 66, кант кызылча -89, картошка -39, жашылча -32, мал жана үй куштары -43, сүт -54, жумуртка -9, жүн -29 жана башка. Колхоз курулушу колхозчулардын материалдык жана маданий турмуш деңгээлинин тынымсыз жогорулашын камсыз кылды. Революцияга чейинки дыйкандардын кирешесине салыштырганда колхозчулардын накта кирешеси болжол менен 20 эсе көбөйдү. 1985-жылы коомдук чарбада колхозчулардын эмгек акысына эсептелген акча каражаты жана азык-түлүк - бардыгы 23.2 миллиард сомду түздү; колхозчулардын орточо айлык акчалай эмгек акысы 153 сомго (бир күндүгү 6,85 сом) жетти.
Ар бир колхоз ондогон жогорку, атайын орто билимдүү жана жогорку квалификациялуу кадрларга ээ болду. Колхоздо эмгектенген механизаторлордун саны 15184,4 миңден ашты (1985-жыл, 1-апрель), башкача айтканда ар бир колхозго 65 тен механизатор туура келет. Башка союздук республикалардагыдай эле Кыргызстанда да колхоз курулушу абдан өнүгүп, адистештирилген жаңы техника менен жабдылган социалдык ири чарбаларга айланган. Республикада айыл чарбанын ийгиликтүү коллективдештирүүнүн натыйжасында 1932-жылы 1500 колхоз уюшулуп, колхоздорду ирилештирүүнүн жана айрым колхоздорду совхозго айландыруунун натыйжасында колхоздун саны азайып, 1970-жылы республикада 245, 1985-жылы 178 колхоз болгон.
1985-жылы Кыргызстандын колхоздорунда 172 миң колхоз түтүнү болуп, колхоздун коомдук өндүрүшүндө орто эсеп менен 197,1 миң колхозчу эмгектенген; колхоздордун дүң кирешеси 608 миллион сом болгон; коомдук чарбада колхозчулардын эмгек акысына эсептелген акча каражаты жана азык-түлүк - бардыгы 379 миллион сомду түзгөн; колхозчулардын орточо айлык акчалай эмгек акысы 160 сомго (бир күндүгү 6,71 сом) жеткен; колхоздо 4638 миң гектар айыл чарба жери, 542,3 миң гектар коомдук айдоо аянты болгон; жыл аягында 3201 миң уй (110,4 миң саан уй), 3936 миң кой, 28,6 миң эчки, 95,8 миң жылкы, 123,4 миң чочко, 384 миң үй куштары асыралган; 10829 трактор (кыймылдаткычынын жалпы кубаттуулугу 808 миң ат күчүнө барабар), 2173 дан комбайны иштеген; Кыргызстанда ар бир колхозго орто эсеп менен 966 колхоз түтүнү, 709 миң сом капиталдык салым, 9158 миң сом негизги фонду, 3416 миң сом дүң киреше, 1077,5 миң сом накта киреше, 3,2 миң гектар айдоо жер, 1798 уй (сааны 620), 22273 кой-эчки, 61 трактор (жалпы кубаттуулугу 4,5 миң ат күчүнө барабар), 12,2 дан комбайны туура келген.
Колхоздун өнүгүшүнүн азыркы этабы колхоз менчигинин жалпы элдик менчикке жакындашуусу менен мүнөздөлөт. Колхоздук өндүрүштү социалдык коомдоштуруу деңгээлинин жогорулашы колхоздук демократиянын экономикалык жана социалдык негизин чыңдоо, колхоздун чарбалык жактан өз алдынчалыгын кеңейтүү менен бирге жүрөт. Бул өндүрүштү жана дүң продукцияны бөлүштүрүүнү пландаштыруудан, колхозчулардын коомдук ишти башкарууга катышуу формаларын өркүндөтүүдөн көрүнөт. Колхоз алынган продукциянын толук акылуу ээси болуп эсептелет, бирок ошол эле убакта ал өз чарбасын мамлекеттик жерде жүргүзөт, бирдиктүү эл чарба системасына кирет, ошондуктан колхоздун кызыкчылыгы социалдык коомдун кызыкчылыгына шайкеш келет. Башка социалдык ишканалар менен бирге колхоз бардык күчүн ССРБ нин азык-түлүк программасын аткарууга, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга, шаар менен кыштактын, мамлекеттик менчик менен колхоз-кооперация менчигинин ортосундагы айырмачылыктарды жоюунун материалдык шар тын түзүүгө багыттаган.