Көк буурчак жыйнагыч-жүктөгүч
Көк буурчак жыйнагыч-жүктөгүч - жал болуп чабылган көк буурчакты жыйнап, транспортко жүктөөчү машина. Аны чөп, силос, саман жүктөөдө да пайдаланса болот. Негизги тетиктери: рама, эки пневматикалык дөңгөлөк, калактуу мотовило, транспортёр. Чабылган көк буурчакты калактуу мотовило жыйнап транспортёрго берет, андан транспорт каражатына жүктөлөт. Мотовило менен транспортёр чынжырлуу кыймыл бергич аркылуу таяныч дөңгөлөктөн иштейт. ССРБ де ППГ-1,4 маркасындагы көк буурчак жыйнагыч-жүктөгүч чыгарылат. Саатына 1 гектар аянттагы көк буурчак жыйналат.
- Адам-күн, адам-саат жумуш убактысын эсептөө
- Бышуу, мөмөдө, уруктарда
- Каракур канаттуусу
- Кысыр аңыз жери
- Конгайтиев Супай
Ой-пикирлер