Кирүү

Кызыл топурак

Кызыл топурак - нымдуу субтропик, тропиктик саванна климат шартындагы жазы жалбырактуу токойлуу жерлердин топурак тиби. Кремнезему аз, темир жана алюминий кычкылына бай, кальций, натрий жана башка катиондорго жарды. Темир кычкылы арбын болуп, кызгылт же саргыч кызыл түс берет. Чиринди тилкесинин тереңдиги 25 сантиметрге чейин. Анда фульво кычкылы гумин кычкылы-нан көптүк кылат. Азот, фосфор өтө аз. Реакциясы кычкыл. Кызыл топурактуу жерге цитрус өсүмдүктөрү, чай бадалдары жана башка өстүрүлөт.

Ой-пикирлер