Кирүү

Жер каттоо китеби

Жер каттоо китеби - айыл чарба ишканаларынын (колхоз, совхоз жана башка ) жер эсебин алуу боюнча негизги документи. Жер каттоо китебинин жаңы үлгүсүн ССРБ мамлекеттик пландоо комитети жана ССРБ борбордук статистика башкармасы менен макулдашып, 1972-жылы ССРБ айыл чарба министрлиги (кийин ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитети) бекиткен. Китеп 3 бөлүмдөн турган. Биринчисинде чарба мөөнөтсүз (түбөлүккө), узак жана кыска мөөнөткө пайдалануучу жерлердин жалпы аянты, ошондой эле жер пайдалануу укук негиздери көрсөтүлөт.

Түбөлүккө пайдаланылуучу жер жөнүндөгү маалыматтар жер пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик актынын негизинде, алэми жер пайдалануунун калган түрлөрү Аткомдун чечими боюнча жазылат. Экинчи бөлүмүндө бардык жер түрлөрү (айдоо, чабынды, жаиыт, шалбаа жана башка ) боюнча жалпы, сугат жер менен кайрак жерлер өзүнчө көрсөтүлөт. Үчүнчү бөлүмүндө колхозчулардын огород (короо) жайлары, ошондой эле айыл чарба ишканасынын аймагында жашаган жумушчу, кызматчылардын ээлеп турган жерлери катталат.

Ой-пикирлер