Кирүү

Крахмал эквиваленти

Крахмал эквиваленти - тоюттун сиңимдүүлүгүн продукциялык (продукция пайда кылуучу) таасири боюнча баалоо бирдиги. Мал организминде май пайда кылуусу боюнча 100 килограмм тоют канча крахмалга туура келерин көрсөтөт. Крахмал эквивалентин немец окумуштуусу О. Кёльнер XIX кылымдын аягы XX кылымдын башында сунуш кылган. Бордоодогу өгүздөргө тажрыйба жүргүзүп, 1 килограмм сиңимдүү зат анын организминде канча май пайда кылары аныкталган ( грамм менен): белок 135, крахмал 248, кант 188, клетчатка 253, майлуу урук жана күнжара 598, буурчак менен чанактуу өсүмдүктөрдүн данындагы май 526, кесек тоют, чөп жана азыктамыр 474.

Өсүмдүк тектүү бардык тоюттун составында болуучу крахмалдын продукциялык таасири азык заттардын сиңимдүүлүгүнүн бирдиги катары кабыл алынган. Бардык азык заттардын сиңимдүүлүгү крахмалга эквиваленти түрдө эсептелип, ал эми сиңимдүүлүк бирдиги крахмал эквиваленти деп аталган. Малдын түрүнө, жашына, кунардуулугуна, рациондун түзүмүнө, тоюттун комбинацияланышына жараша алынбай, азык заттардын туруктуу чоңдуктагы продукциялык таасирине негизделиши - крахмал эквивалентинин кемчилиги. Бирок, ага карабастан Кёльнердин системасы малды тоюттандыруу илиминин өнүгүшүнө чоң таасир берди. Тоют бирдиги катары крахмал эквиваленти Англия, ГДР, ГФР жана башка өлкөлөрдө пайдаланылат. ССРБ де тоют бирдигин эсептөө крахмал эквивалентинде негизделген.

Ой-пикирлер