Кирүү

Жугуштуу эктима

Жугуштуу эктима - кой-эчкинин вирустуу ылаңы: өзгөчө козу-улак ылаңдайт. Малдын көбүнчө оозунун тегерегинде, кээде денесинин башка жеринде исиркектенген майда бүдүрлөр, карт пайда болот. Оозу оюлуп, эриндин тегереги ириңдүү жарага айланат. Айрым учурда кекиртек аркылуу дарт өпкөгө өтөт. Ылаң жылдын бардык мезгилинде жолугуп, бардык малга жугат. Ылаңдаган мал чөп жебей, аксайт. Дарылоо: ылаң жеңил формада өтсө йод тундурмасы, синтомицин эмульсиясы жана дезинфекциялоочу майлар сыйпалат. Өпкө, боору дартка чалдыккандары байкалса отордогу бардык козуга дибиомицин, дитетрациклин куюу керек. Алдын алуу: 2-3 күндүк козуга атайын вакцина куюлат.

Ой-пикирлер