Кирүү

Каныктырма аргындаштыруу

Каныктырма аргындаштыруу - өсүмдүк гибридин алгачкы аталык формасы менен көп жолу кайталап аргындаштыруу; кайталама аргындаштыруунун бир түрү. Каныктырма аргындаштырууда энелик форманын цитоплазмасы аталык форманын ядролук (хромосомалык) материалдарына каныгат. Буга 6-7 жолу кайталап аргындаштыруудан кийин жетишилет. Өсүмдүктүн аталык сортунун кандайдыр бир олуттуу кемчилиги болуп, ал эми энелик сортунун, тескерисинче, андай кемчилдиги жок болсо каныктырма аргындаштыруу жүргүзүлөт. Илдетке туруктуу сортторду чыгарууда колдонулат. Мында жакшы райондоштурулган, бирок илдетке туруксуз сорт аталык, илдетке иммунитети бар сорт энелик катары алынат. Каныктырма аргындаштыруу гибридке тез өсүп жетилүү, жыгылып (жатып) калбоо, сапаттуу дан байлоо касиеттерин берет.

Ой-пикирлер