Кирүү

Бөкөн жаныбары

Бөкөн - көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар, орусча аталышы "сайга". Дене узундугу 140 сантиметр, бийиктиги 80 сантиметр, салмагы 50 килограммга чейин жетет. Эркеги чоңураак, мүйүздүү (узундугу 40 сантиметрге чейин жетет), ургаачысы токол. Тумшугу узун, дөмпөгөй, таноолору чоң, буттары ичке, денеси чымыр.

Жүнү- жайында саргыч, кышында агыш болот. Мурунку ССРБ нин аймагында Кавказ менен Орто Азиянын түндүк жагында, Калмак АССРинин аймагында, Төмөнкү Волга бою менен Казакстанда, ошондой эле Монголия менен Батыш Кытайда жашайт. Бөкөндөр топ-топ болуп жыл мезгилине жараша жер которуп жүрүшөт; чөп, көбүнчө шыбак, бадал жалбырактарын оттойт. Күлүк, саатына 70 километрге чейин чуркайт. Жалкы же эгиз улак тууйт. Бөкөндүн эти ширелүү, териси бышык, хром алынат. Мүйүзүнөн дары-дармек жасалат.

Ой-пикирлер