Кирүү

Коомдук имарат

Коомдук имарат - мамлекеттик же колхоздук-кооперациялык менчикте турган, өндүрүштө түз пайдаланылбаган, бирок анын нормалдуу (жакшы) жүрүшүнө өбөлгө түзгөн имараттар. Алар мектепке чейинки балдар мекемеси, жалпы билим берүүчү мектептер, сатуу жана коомдук тамак-аш, коммуналдык, турмуш-тиричилик тейлөө, маданий-агартуу жана спорт, айыктыруу-профилактикалык, администрациялык мекемелер. Коомдук имараттардын көлөмү элдин санына жана тейлөө аймагына жараша (чакан, орто же чоң) болот. Калкы 1000-1500 болгон кыштакка 8 жылдык мектептин долбоору, ал эми 2000 ден ашуун калктуу кыштакка башка долбоор ылайыктуу.

Сатуу жана коомдук тамак-аш ишканаларынын, коммуналдык, турмуш-тиричилик тейлөө ишканаларынын долбоорлору да түрдүү типте даярдалып, алардын ички жабдуулары да бири биринен айырмаланып турат. Мындай долбоорлордун номенклатурасы ССРБ мамлекеттик курулуш комитетине караштуу. Жарандык курулуш илимий изилдөө институту тарабынан даярдалып, айыл-кыштактарда курулуучу бардык коомдук имараттарды жана курулмаларды камтыйт.

Ой-пикирлер