Кирүү

Уйлардын агалактия илдети

Агалактия — кара желин — желинден сүт чыкпай калышы. Ветеринариялык практикада гипогалактия, башкача айтканда сүт бездеринин функциясынын начарлашынан малдын сүтүнүн азаюусу көп кездешет. Агалакия жана гипогалактия үч түрлүү болот. Физиологиялык агалакия жана гипогалактия малдын бооз мезгилинин аягында жана эмизип жүргөн малдын төлүн бөлгөндөн кийин байкалат.

Патологиялык агалакия жана гипогалактия сүт безинин ткандары морфологиялык өзгөрүшүнөн же сүт секрециясынын бузулушунан болот. Симптомдуу агалакия жана гипогалактия — малдын ылаңга (аборт, гипофиздин алдыңкы үлүшүнүн, бөйрөк үстүндөгү бездердин функциясынын бузулушу, шарп, сибирь кулгунасы ж. б.) чалдыгышынан сүт чыкпай калышы. Агалакияны болтурбоо чаралары: рационго чыктуу, сиңимдүү, минералдуу тоюттарды кошуу; убагында саадыруу, сугаруу, желинди жумшартуу жана башкалар кирет.

Ой-пикирлер