Кирүү

Кредитор

Кредитор (лат. credo - ишенем) - 1) жарандык укукта милдеттенмедеги 2-тараптан (дебитордон, карызкордон) кандайдыр ишаракеттин аткарылышын талап кылууга укугу бар тарап. 2) Уюмдун балансында көрсөтүлгөн кредитордук карызды төлөтүп алууга укуктуу жаранды же укуктук жакты билдирүүчү бухгалтердик эсеп термини. Товары үчүн төлөм ала элек тапшыруучу же өткөрүүчү, аткарган иши үчүн белгиленген сумманы ала элек көтөрүп алып иштөөчү мекеме, эмгек акысын ала элек жумушчу, кызматчы, колхозчу кредитор болуп эсептелет. Доолап алуу мөөнөтү өтүп кеткен кредитордук карыз мамлекеттик бюджетке өткөрүлөт.

Ой-пикирлер