Кирүү

Бакча эл кайда көчөтү

Бакча эл кайда көчөтү - кокцинеллиддер тукумундагы коңуз. Өсүмдүк менен азыктанат. Денеси жарым шар сымал, узундугу 7-9 миллиметр, өңү саргыч, кызыл, ар бир канатында алтыдан кара тагы бар. Ашкабак тукумундагы эгилме өсүмдүктөргө (бадыраң, коон, ашкабак, дарбыз), ошондой эле алабата, чырмоок, каакымга жана башкаларга зыян келтирет. Жылына 2-3 жолу тукумдайт. Коңуз жалбырак, отоо чөптүн жана башка өсүмдүк калдыктарынын астында кыштап, жазында өсүмдүктүн гүлүн, жаш мөмөсүн кырчып жейт. Бакча эл кайда көчөтү залал келтирген өсүмдүктөрдүн жемиши бышпай чирийт. Каршы күрөшүү чаралары: аянтты өсүмдүк калдыктарынан тазалоо, өсүмдүккө хлорофос, метафос чачуу.

Ой-пикирлер