Кирүү

Айдоо аянтынын структурасы

Айдоо аянтынын структурасы - ар бир айыл чарба өсүмдүгү эгилген айдоо аянттарынын өз ара катышы. Жалпы айдоо аянтына карата процент менен эсептелет. Ал айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүү деңгээлин, адистештирилишин билдирүүчү көрсөткүчтөрдүн бири болуп эсептелет; район, чарба боюнча которуштуруп айдоо жери жана топурактын ар түрдүүлүгүнө жараша бөлүнөт.

Чарбанын адистештирилишине жана айыл чарба продуктусун сатуунун мамлекеттик планына жараша иштеп чыгылат. Айдоо аянтынын структурасынын башкы милдети - айдоо бирдигинен жана которуштуруп айдоо аянтынан эң көп продукт алуу. Айдоо структурасы чарба мамлекетке продукция сатуу планын аткарууну камсыз кылгандай болушу керек.

Илимий жактан негизделген Айдоо аянтынын структурасы которуштуруп айдоонун негизин түзөт. Сугат жер дыйканчылык шартында которуштуруп айдоодо чарбанын жерин туура уюштуруу жана рационалдуу айдоо структурасы (ар бир зонанын топурагына жараша) камсыз болушу керек. Бул сугат жерди натыйжалуу пайдаланууга, өндүрүш бригадасынын ишин жакшыртууга, комплекстүү механикалаштыруунун негизинде эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк берет. Чарбанын туура адистештирилиши жана айдоо аянтынын структурасынын тууралыгы экономикалык жактан талдалат: жалпы айдоо аянтында ар бир айыл чарба өсүмдүгү ээлеген аянттын өлчөмү; алынган айыл чарба продукциясынын нарктата туюнтулушу (адам-күн же адам-саат менен); бир га айдоо аянтына жумшалган эмгек жана материал-акча каражаттары, бир га айдоо аянтынан алынган накта киреше; рентабелдүүлүк аныкталат. Талдоо жүргүзүүдө айыл чарба өсүмдүгүнүн 3-5 жылдык орточо түшүмү, отчёттук жылдагы ар бир өсүмдүк түрүн өстүрүүгө чыгымдалган материал-акча каражаттары пайдаланылат. Экономикалык маалыматтардын негизинде айдоо аянтынын рационалдуу структурасы аныкталат.

Ой-пикирлер