Кирүү

Кант кызылчасынын уругун чапкыч

Кант кызылчасынын уругун чапкыч - дан, буурчак жана кызылча уругун чаап-жыйноочу машина. ЖРБ-4,2 маркасындагынын негизги тетиктери: асма түзүлүшү бар алкак, тасмалуу транспортёр, чабуучу аппарат, бөлгүчтөр, өсүмдүк сабагын көтөргүч, жип түргүч, кыймылга келтиргич механизм жана гидросистема. Алты калактуу жип түргүч таяк, сабак көтөргүч, оруучу аппарат.

Өсүмдүктү түбүнөн чаап кетет. Иштөөчү тетиктер тасмалуу кыймыл өткөргүч, кардон, редуктор жана чынжыр өткөргүч аркылуу кыймылга келтирет. Гидросистема чапкыч менен жип түргүч таякты көтөрүптүшүрүп турат. Ал гидрошланг, гидроцилиндрден турат да комбайндын гидросистемасына туташтырылат. ССРБ де ЖВН-6А, ЖШН-в, ЖСК-4А, ЖРС-5, ЖРБ-4,2 жана башка маркадагы кант кызылча уругун, дан, буурчакты чаап жыйноочу машиналар чыгарылат. СК-4, СКД-5, "Сибиряк" жана СК-5 "Нива" комбайндарына чиркелет. Саатына 1,78 гектар буурчак өсүмдүктөрүнүн уругун, 2,09 гектар жердеги кант кызылча үрөнүн чаап жыйнайт. Кант кызылча үрөнүн даярдоочу чарбаларда пайдаланылат.

Ой-пикирлер