Дан эгиндери
Дан эгиндери - адамдын тамактануусунда негизги азык - дан берүүчү өсүмдүк тобу. Буга негизинен арпа, буудай, кара буудай, сулу, шалы, жүгөрү, сорго, таруу кирет (булардын ар биринин өзүнчө түрлөрү, сорттору бар). "Дан эгиндери " деген түшүнүк кеңири маанисинде "дан өсүмдүктөрү" деген түшүнүккө туура келип, чанактуу дан өсүмдүктөрүн - буурчак, төө буурчак, соя, шалбаа буурчагы, жер буурчак жана башка , ошондой эле кара күрүчтү да өз кучагына алат. Бирок булар адамдын тамактануусунда негизги ролду ойнобойт. Дан эгиндери жер шарынын ар кайсы аймагынан таралган. Буудайдын негизги мекени - Закавказье (бул жерден анын көп түрү табылган), кара буудайдыкы - Кавказ менен Орто Азия, жүгөрүнүкү - Америка, күрүчтүкү - Индия, соргонуку - Африка.
Негизги дан эгиндерине мүнөздүү болгон жалпы белгилер: сабактары көңдөй; муунактуу (жүгөрүнүкү 25ке жетет), жалбырагы канча болсо муунагы да ошончо; түп жагындагы муунактардан дан байлоочу кошумча сабактар өсүп чыгат. Жалбырактары сабактын сыртына капталып өсөт, бул өсүмдүктү (өзгөчө сабактын уч жагын) сууктан сактап, анын түз өсүшүнө көмөкчү болот. Тайырлары топтошуп майда, жердин айдалган үстүнкү катмарына таралат. Гүлдөрү эки жыныстуу (жүгөрүдөн башкасыныкы), кээси өсүп жетилбейт да дан байлабайт.
Дан эгиндери морфологиялык жана биологиялык белгилери боюнча 2 топко бөлүнөт: 1-тобу же накта эгиндер : арпа, буудай, кара буудай, сулу; 2-тобу же таруу сымал эгиндер - таруу, шалы, жүгөрү, сорго, чумиза. Дан эгиндеринин өнүшү жана өсүшү бирдей эмес. Алар вегетация мезгилине жараша күздүк, эрте жаздык жана кеч жаздык болуп бөлүнөт. Күздүк дан эгиндери : арпа, буудай, кара буудай. Буларда 2 -күзгү (45-50 күндүк) жана эрте жазгы (75-100 күндүк) вегетация мезгили болот.
Күзүндө эгиндин негизги органдары - тамыры, сабагы, жалбырагы калыптанат. Активдүү өсүшү жалпысынан 120- 150 күнгө созулат. Күздүк эгиндер жаздык эгиндерге караганда 10-15 күн эрте бышат. Эң эле эрте арпа, андан кийин кара буудай, акырында буудай бышат. Эрте жаздык дан эгиндери : арпа, буудай, кара буудай, сулу. Булар эрте себилип, эрте бышкандыктан ушундайча аталат (Түндүк Казакстан менен Батыш жана Чыгыш Сибирде май айында себилсе да эрте бышат). Кеч жаздык дан эгиндери - таруу, жүгөрү, сорго, шалы. Булардын уругу өнүш үчүн температура жогорку болуш керек, суукка байымсыз.
Ошондуктан алар жазгы эгиндерден кийин - таруу менен жүгөрү топурактын үстүнкү катмарындагы температура 10-12°С ге, сорго менен шалы 12-15°С ге жеткенде себилет. Ным, жылуулук жетишерлик болсо, дан эгиндеринин үрөнү (күрүчтөн башкасыныкы) дээрлик бирдей мезгилде - 4-5 күндө өнүп чыгат. Ал эми шалынын өнүп чыгышы үчүн 20°С температурадагы 15-16 күн керек.
Тийиштүү ыкма менен белгиленген калыңдыкта себилген күздүк буудай менен кара буудайда дан байлоочу 3-6, арпа менен сулуда 2-3, жаздык буудайда 1-2, жүгөрүдө 1, тарууда 3-7, шалыда 3-5 сабак өсүп чыгат. Дан эгиндери гүлдөшүнө жараша 2 топко бөлүнөт: өзү чаңдашуучулар - арпа, буудай, сулу, таруу, шалы; кайчылаш чаңдашуучулар - кара буудай, жүгөрү, сорго.
Чаңдашкандан кийин урук түйүлүп, дандын өсүү жана бышуу мезгили башталат. Дан эгиндеринин бышуу мезгилинде 3 баскыч бар: сүт мезгили - дан өз формасына келип, көк түстө, суусу (нымдуулугу) көп (адегенде 60-50%, кийинчерээк 50-40%) болот; дүмбүл мезгили - дан саргыч түстө болот, колго жабышып турат, суусу (нымдуулугу) 25-20 пайызга чейин азаят; толук бышкан мезгили - дан катып, өз түсүнө келет, суусу (нымдуулугу) 20% дан төмөн болот; дан толук быша баштаганда оруп-жыюу башталат. Дан эгиндеринин өнүп-өсүшү үчүн белгилүү даражадагы температура керек. Мурунку ССРБ нин континенттик климатында күздүк түшүмдүүлүгү алардын кышкы суукка чыдамдуулугуна байланыштуу болгон. Күздүк эгиндердин ичинен суукка өтө чыдамдуусу - күздүк кара буудай. Ал кар жок талаада 20-25°С ге чейинки суукка туруштук берет.
2020-11-15 Элмурат |
Мага жакты |