Кирүү

Кара куурай

Кара куурай - кара куурай тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк уруусу. 3 түрү бар: эгилме кара куурай мурунку ССРБ нин аймагында, Индия, Батыш Европа өлкөлөрүндө була алуу үчүн өстүрүлөт. Мурунку ССРБ нин аймагында, Монголия, Афганстан, Пакистан, Индия, Кытайда жапайы түрү өсөт; Индия кара куурайы Индия, Иран, Туркия, Сирия жана башка өлкөлөрдө май жана нашаа үчүн эгилет. Отоо чөп кара куурайы - мурунку ССРБ нин аймагында (Батыш Сибирь, Орто Азия, Волга бою) жаздык өсүмдүктөрдүн коркунучтуу зыянкечи.

Жаш кара куурайдын сабагы жумуру, жумшак жана түктүү. Бийиктиги 0,5-4 метр, жоондугу 8-30 миллиметр, өзөк тамырлуу. Жалбырагы айчыктуу, жашыл, кара көк. Шыпыргы сымал гүлү негизги жана каптал бутактарында жайгашат. Кара куурайдын вегетация мезгили 65-70 күндөн 140-160 күнгө чейин. Уругу топурактан 8-10° С температурада өнүп, 20-25° С температурада жакшы өсөт. Кара куурайдан кездемелик була алынат. Үрөндүк кара куурайдын буласынан кеме арканы, кадимки аркан, жип жана башка жасалат. Кара куурайдын данында тамак-ашка, техникада пайдаланылуучу 30-35% май бар. Мурунку ССРБ нин аймагында кара куурай Россиянын борборунда, кара топурактуу облустарында, Украина, Белоруссия, Волга бою, Түндүк Кавказ, Батыш Сибирде эгилет.

Ой-пикирлер