Кирүү

Ихтиофитриоз

Ихтиофитриоз -көлмө балыктарынын (каңылтыр, таман балык, сазан жана башка) көп түрлөрүнүн өтө коркунучтуу инвазия ылаңы. Батыш Европанын балык чарбалуу өлкөлөрүндө, мурунку ССРБ нин аймагында да жолугат. Ылаңды инфузория козгойт. Таза балыкка ылаңдуу балыктан жугат. Ылаң массалык түрдө апрель-июнда байкалат, балыктын терисинде, бакалоорунда жана көзүнүн тунук челинде диаметри 1 миллиметр болгон ак бүдүрлөр пайда болот. Ылаңдуу балык көп сүзбөй, жээкке чукулдап, сырткы таасирди көп сезбейт. Көп учурда көздүн тунук чели сезгенип, көрбөй калат. Дарылоо: туздуу ванна жана митеге каршы химиялык заттары колдонулат.

Ой-пикирлер