Кирүү

Акантоцефалёздор мал оорусу

Акантоцефалёздор - мал жана куну айбанаттардын инвазиялуу ылаңы (гельминтоздор). Мите курт - акантоцефал пайда кылат. Курттун өңү ак, кызгылт сары болот. Узундугу бир нече метрден ондогон сантиметрге жетет. Иири, катуу тумшугу менен малдын ичегисине сайылып, азыкты денеси аркылуу сиңирет. Акантоцефалдар классына курттардын 500дөй түрү кирет. Орусияда акантоцефалдардын 100дөн ашуун түрү табылган. Анын 40 түрү балыкка, 55 түрү куштарга (анын ичинде 3 түрү үй куштарына), 7 түрү сүт эмүүчүлөргө (анын ичинде 4 түрү малга) мителик кылат. Айрым учурда кишиге да жугат. Кеңири таралган акантоцефалёздор - макраканторинхоз, полиморфоздор.

Ой-пикирлер