Жекече тандоо
Жекече тандоо - бир өсүмдүктүн же малдын тукумдарын муундан муунга тандоо. Жекече тандоо массалык тандоодон айырмаланып, кийинки муунунун тукум куучулук касиеттерин баалоого мүмкүнчүлүк түзөт. Жекече тандоо микроорганизмдерди, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды селекциялоодогу эң негизги жолдордун бири. Өзү менен өзү чаңдашып көбөйүүчү өсүмдүктөрдө жекече тандоо жакшы натыйжа берет. Жекече тандоо организмдин генотибин жана фенотибин талдоонун негизинде жүргүзүлөт.
- Бабезиоздор малдын жугуштуу оорусу
- Барса-келбес коругу
- Автоматташтыруу айыл чарбасында
- Илимий-өндүрүш бирикмеси
- Жергиликтүү мал
Ой-пикирлер