Кирүү

Гематома же көгөрүү

Гематома (грекче кан шишиги дегенди билдирет) - тканга кандын белгилүү өлчөмдө чогулушу. Гематома көбүнчө жарааттан, кээ бир ылаң таасиринен, кан тамыр кабыкчасынын жарылышынан пайда болот. Кан тканга, теринин астына, булчуң этке жана башка жерлердеги көңдөйчөлөргө жыйылып, уюйт.

Гематома болгон жер шишип, көгөрөт, ооруйт, органдын иштеши бузулат. Кабылдаса малдын денеси ысып, кан уюган жери ириңдейт. Дарылоо: кандын агышын токтотуу; жылуу компресс коюу. Эгер ириңдесе же ички орган жарылса, хирургиялык жол менен дарылайт.

Ой-пикирлер