Кирүү

Каракур канаттуусу

Каракур (Бугигиа) - тоок сымалдар түркүмүндөгү куш. Дене узундугу 53-57 сантиметр, салмагы 1,2- 1,8 килограмм. Корозу кара, куйругу эки ача, эки жакка ийилип турат, мекияндары боз чаар. Европа, Түндүк Америка, Азия токойлоруна 2 түрү (кадимки жана кавказ каракуру) таралган. Кыргызстанда каракур карагай арасында гана жашайт. Мекияны 4 төн 14 кө чейин жумуртка тууп, 19-25 күн басат. Майдын аягы-июнда жөжөлөрүн чыгарат. Каракур ар кандай курт-кумурска, жалбырак, гүл, урук, мөмө-жемиш, дан, кышкысын кайың жана башка дарактардын бүчүрлөрүн жейт. Эти даамдуу; спорттук жана чарбалык мааниге ээ. Кыргызстанда өтө эле азайып кеткендигине байланыштуу каракур атайын корголуп, Кызыл китепке катталган.

Ой-пикирлер